Ош шаарынын мэриясы шаардык өнүгүү боюнча жыйынтык чыгарды

Бүгүн Ош шаарында 2025-жылдын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгын чыгаруу боюнча коллегиялык жыйын өттү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жыйынга министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев жана шаардагы мекеме-ишканалардын, айылдык жана муниципалдык башкармалыктардын жетекчилери катышты.

Жыйындын жүрүшүндө Ош шаарынын 2025-жылдагы социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрү, аткарылган иштер жана 2026-жылга карата пландар талкууланды.

Экономикалык көрсөткүчтөр:

  • Өнөр жай продукциясынын көлөмү: 13 миллиард сом, физикалык көлөмдүн индекси 127%
  • Ош шаарынын бюджети: киреше бөлүгү менен 9,7 миллиард сом
  • Муниципалдык базарларга инвестиция: 3 миллиард сомдон ашык, жалпы соода орундары: 7 500

Капиталдык курулуш жана инфраструктура:

  • Социалдык жана коммуналдык объекттерге бөлүнгөн каражат: 1,8 миллиард сом
  • Жолдор жана тротуарлар: 81 көчө, жалпы узундугу 106 чакырым жол, 25 чакырым тротуар асфальтталып жасалды
  • Турукташтыруу фондунан жана президенттик каражаттардан 2,2 миллиард сом бөлүнүп, 8 негизги көчө жана тротуарлар курулду
  • Жалпы Ош шаарына бөлүнгөн каражат: 6,6 миллиард сом

Турак жай жана ипотека:

  • Ипотекалык жана үлүштүк курулуш программаларынын алкагында 302 үй-бүлө турак жайга ээ болду
  • «Эне-Сай» турак жай комплекси курулуп жатат, долбоордун жалпы баасы: 26 миллиард сом, учурда 106 турак үй пайдаланууга берилген, жалпы пландалган турак үйлөр: 580

Суутарма жана экология:

  • Суутарма боюнча: 21 миң куб метрлик суу кампасы, 14 скважинадан суу таркатылууда
  • Таштандыларды утилдештирүү жана электр энергиясын өндүрүү долбоору башталды, инвестициянын көлөмү: 95 миллион АКШ доллары
  • 10 жаңы парк жана сквер курулуп, борбордук аянттар жана эс алуу жайлары жаңыртылды
  • Шаарда 4 жаңы эстелик орнотулду

Социалдык тармак:

  • Муниципалдык жатакана (45 бөлмө) жана түнкү башпаанек (50 орун) ачылды
  • 9 мектеп, 9 бала бакча жаңыртылды, 7 спорт жана 2 маданий объект курулду
  • Ак-Тилек кичи районунда 300 орундуу клиникалык оорукананын кошумча имараты курулуп жатат (90% бүткөрүлдү), бүтүрүү: 2026-жылдын март айы

Жыйындын соңунда министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ош шаарынын 2025-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүн «эң жакшы» деп баалап, шаарды өзгөрткөн долбоорлордун ийгиликтүү аткарылышын белгиледи. Ал ошондой эле:

  • Ош шаарынын Башкы планын тез арада иштеп чыгуу жана бекитүү
  • Жергиликтүү бюджеттин киреше базасын кеңейтүү
  • Инфраструктуралык долбоорлорду сапаттуу жана мөөнөтүндө ишке ашыруу
  • Туризм жаатында инвестицияларды киргизүү

— боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан