Биз социалдык тармакта

Бишкекте мейманканада болгон тоноо боюнча экинчи шектүү кармалды

Бишкек шаарында мейманканада болгон тоноо боюнча экинчи шектүү кармалды Бул тууралуу 18-февралда Ленин райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2025-жылдын 9-декабрында милицияга К.Т. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Арызында 2025-жылдын 8-декабрында Красная көчөсүндө жайгашкан мейманканада досу жана эки кыз менен бирге бөлмө ижарага алганын, ошол учурда бөлмөгө белгисиз адамдар кирип келип, аны уруп-сабап, ага таандык 18 миң сомдук iPhone 11 Pro үлгүсүндөгү уюлдук телефонун, кол саатын, ошондой эле 6 миң 700 сом акча каражатын тартып алышканын билдирген. Мындан тышкары, жабырлануучуну О-Деньги системи аркылуу акча которууга мажбурлашкан. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (Тоноо) менен кылмыш иши козголгон.
Белгилей кетсек, 2007-жылы туулган Т.Д. аттуу биринчи шектүү мурда кармалган. Тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 2007-жылы туулган Т.Ж. аттуу экинчи шектүү да кармалды. Азыркы учурда тергөө иштери улантылууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан