Биз социалдык тармакта

Бишкекте тоноо фактысы боюнча шектүүлөр кармалышты (видео)

Бишкек шаарында тоноо фактысы боюнча шектүүлөр кармалышты. Бул тууралуу 18-февралда Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 7-февралда саат болжол менен 21:30 чамасында Бишкек шаарынын Суванбердиев көчөсүндө белгисиз адамдар М.А. аттуу жаранга күч колдонуп, 14 миң сомдук Росо М5 үлгүсүндөгү уюлдук телефонун жана 8 миң сомдук күрмөсүн тартып алышканын билдирген. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (Тоноо) боюнча кылмыш иши козголгон.

Тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 2004-жылы туулган С.А. жана А.Э. аттуу жарандар кармалышты. Тергөө иштери уланууда.

Бишкекте тоноо фактысы боюнча шектүүлөр кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан