Биз социалдык тармакта

Кадамжайдагы жол кырсыгынан 4 адам каза болду 

Кадамжай району аркылуу өткөн Ош - Баткен - Раззаков жолундагы жол кырсыгынан 4 адам каза болду.

Маалыматка ылайык, кырсык 17-февраль күнү, саат 11:40 чамасында болгон. Анда оор жүк ташуучу унааны башкарып бараткан 30 жаштагы жаран каршы тилкеге чыгып, 28 жаштагы жаран башкарып бара жаткан Mercedes-Benz үлгүсүндөгү жеңил унаа менен кагылышкан.

Кырсыктын кесепетинен жеңил унаадагы төрт адам каза болуп, үч жаран Кадамжай шаардык ооруканасына жеткирилген. Жергиликтүү басылмалар каза болгон жарандар бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү экенин жазышты.

Учурда тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
baltabai
2026-02-18 15:49:00
Биздин дос болчу Аллахым шыпаасын беринсин
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан