Бишкектеги рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери Kia үлгүсүндөгү унааны токтотуп, анын айдоочусу мас абалда экенин аныкташты.
Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, тийиштүү документтерди тариздөө учурунда айдоочу инспекторлордун дарегине коркутууларды айтып, телефон чалуулар аркылуу басым көрсөтүүгө аракет кылган. Буга карабастан кызматкерлер мыйзамдын талаптарына ылайык иш алып барып, протокол белгиленген тартипте түзүлүп, унаа айып короосуна киргизилди.