Ысык-Көл облусунун тургуну 2,5 килограмм баңгизат менен кармалды

Ысык-Көл облусунун тургуну 2,5 килограмм баңгизат менен кармалды. Бул тууралуу 23-январда аймактык ички иштер башкармалыгынын басма  сөз кызматы билдирди. 
Маалыматка ылайык, милицияга Азамат аттуу баланын ири өлчөмдө баңгизатын сактап жүргөнү тууралуу маалымат түшкөн. Укук коргоо органдары сатып алуучу катары байланышып, Каракол шаарында жолугушууну белгилешкен. Белгиленген жерде маңзат сатуучу 3 литрлик банкада 2,5 килограмм баңгизат менен кармалган. 
Мындан сырткары Каракол шаарында бейбаштык менен күркөнү тоноп кеткен 18 жаштагы эки жигит кармалды. Алар күркөнүн ээсине 3 жолу бычак сайышкан. Кармалгандар убактылуу кармоочу жайга жеткирилди.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан