Биз социалдык тармакта

Кыргызстан аркылуу Өзбекстанга баңгизат ташыган делген топ кармалды (видео)

Кыргызстан аркылуу Өзбекстанга баңгизат ташыган эл аралык кылмыштуу топко шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу 18-февралда ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, февраль айында Кыргызстан менен Өзбекстандын ИИМдин кызматкерлери биргеликте ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүрүзүштү. Анын алкагында Өзбекстандын Бостон районунун аймагында Деу Нексия үлгүсүндөгү автоунаада бара жаткан 1996-жылы туулган А.А.Р., 1990-жылы туулган Д.З.П., 1980-жылы туулган Д.Р.Н. жана 1981-жылы туулган Ш.Ш.Т. аттуу Өзбекстандын жарандары кармалып, аталган унаага тинтүү учурунда 9 килограмм 444 грамм ооган тектүү “гашиш” баңгизаты табылып алынган.

Азыркы убакта ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Кыргызстан аркылуу Өзбекстанга баңгизат ташыган топ кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан