Биз социалдык тармакта

Базарда акциздик маркасы жок тамеки продукциясы аныкталды

Манас шаарындагы базарда акциздик маркасы жок дээрлик 10 миң даана тамеки продукциясы аныкталды. Бул тууралуу 18-февралда Мамлекеттик салык кызматы кабарлайт.
Тактап айтканда, рейд учурунда 9 миң 695 даана тамеки буюмдары, ошондой эле 24 таңгак мыйзамсыз электрондук тамеки жана 33 даана тыюу салынган түтүнсүз тамеки продукциясына окшош заттар (снюс) табылган. Анын жалпы суммасы 1 миллион 163,4 миң сомду түзгөн.
Товарлар мыйзамда белгиленген тартипте алынып, укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан