Биз социалдык тармакта

"Керт башыңар менен жооп бересиңер". Өкмөт башчы жетекчилерге кайрылды

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин төрагалыгы алдында мамлекеттик системди бюрократиядан арылтуу боюнча мекемелер аралык комиссиянын сегизинчи жыйыны болуп өттү.

Анда өкмөт башчы жетекчилерге кайрылып, кадрларды туура тандоого чакырды.

"Силер сунуштаган талапкерлердин баарын мен 100 пайыз колдоп жатам. Бирок алардын иштешине керт башыңар менен жооп бересиңер. Кадрларды иликтеп, талдап, бардык жагын карап туруп, анан сунуш кылгыла. Мага деле президент тарабынан ошондой талап коюлган. Мен тандап койгон кадрга керт башым менен жооп берем",- деди Касымалиев.

Видео: Ала-Тоо 24

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан