Бүгүн, 18-февралда Ала-Арча жаратылыш паркына курулган асма жолдун ачылышында президенттин иш башкаруусучу Каныбек Туманбаев журналисттерге айнектен асма көпүрө салына турганын билдирди.
Анын айтымында, айнек асма көпүрөнүн курулушун 18-апрелде баштоо пландалууда. Өзү да кайсы тоолордун ортосуна жайгашарын көрсөтүп берген.
"Бул мамлекеттибизде эң чоң көпүрөлөрдүн бири болот. Бул дагы туристтерди тартуунун эң жакшы жолу болот",- деди Туманбаев.
Президенттин иш башкаруучусу ошондой эле май айынан баштап родельбан ишке берилерин кошумчалады.
Видео: Sputnik Кыргызстан.