Биз социалдык тармакта

Бишкекте ири өлчөмдө жасалган алдамчылыкка шектүү эки аял кармалды

Бишкекте ири өлчөмдө жасалган алдамчылыкка шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Свердлов райондук милициясы билдирди.

Маалым болгондой, милицияга арыз менен кайрылган жаран эки аялга карата чара көрүүнү суранды. Алар 18-ноябрдан 2-декабрга чейинки аралыкта соода борборлорунун биринде жайгашкан дүкөндөн 36 миллион сомдук зер буюмдарды алышкан. Кийинчерээк акчаларын белгиленген мөөнөттө кайтарып бербестен, изин жашырып кетишкен.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон. Натыйжада 1985-жылы туулган Ш.Ч. жана 1988-жылы туулган С.Н. аттуу жарандар аныкталып, убактылуу кармоочу жайына камакка алынышты.

Тергөө иштери улантылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан