Синоптиктер билдиргендей, эртең, 19-февралда өлкө аймактарында күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы төмөндөгүдөй болот:
- Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +4... +9, күндүз +19... +24;
- Талас жергесинде түнкүсүн +2... +7, күндүз +17... +22;
- Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +4... +9, күндүз +18... +23;
- Нарын аймагында түнкүсүн -5... -10, күндүз 0.. +5;
- Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4... +1, күндүз +8... +13;
- Бишкек шаарында түнкүсүн +7... +9, күндүз +22... +24 градус.