2026-жылга битир-садаканын өлчөмү бекитилди

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы 2026-жылга карата битир-садаканын өлчөмүн бекитти. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, быйыл ар бир адам үчүн битир-садака төмөнкү өлчөмдө белгиленди:

  • 1,6 килограмм буудай - 60 сом;

  • 1,6 килограмм мейиз - 880 сом;

  • 1,6 килограмм ун - 90 сом;

  • 3,2 килограмм арпа - 100 сом;

  • 1,6 килограмм курма - 1200 сом.

Белгилүү болгондой, битир-садака аталган азыктардын наркына жараша акчалай түрдө да берилсе болот.

Муфтияттан билдиришкендей, азык-түлүктүн баасы туруксуз болгондуктан, битир-садака берүүдө алардын салмагына карап эсептөө сунушталат.

Эске салсак, өлкөдө ыйык Орозо айы бүгүн, 19-февралда башталды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан