Биз социалдык тармакта

Бишкекте алдамчылыкка шектүү аял кармалды

Бишкек шаарында алдамчылыкка шектүү аял кармалды. Бул тууралуу 19-февралда Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Берилген маалыматка ылайык, З.К. аттуу жаран "Орто-Сай" базарында Т.О. аттуу жарандын ишенимине кирип, Түркиядан спорттук кийим-кечелерди алып келип берүү шылтоосу менен 1 миллион 200 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын ээлеп алып, андан соң изин жашырган.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209 (Алдамчылык) беренесине ылайык кылмыш иши козголгон.

Тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1993-жылы туулган З.К. аттуу жаран кармалган. Азыркы учурда тергөө иштери уланууда.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан