
Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Бирдик айылынан акциздик маркасы жок тамеки продукциясы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 19-февралда Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, тамеки продукциясын башка автотранспорт каражатына жүктөп жаткан Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү унаадан акциздик маркасы жок 21 миң 900 даана ORIS жана ZUMERRET маркасындагы тамекилер табылган.
Бул факт боюнча тиешелүү актылар түзүлдү жана мыйзамдарга ылайык процессуалдык чечимдер кабыл алынат.