Бишкекте окуучу 68 жаштагы агайы менен мушташа кетти

Бишкекте мектептердин биринин мугалими менен окуучусу мушташты. Бул тууралуу Биринчи Май райондук милициясы билдирди.

Маалым болгондой, 16-февралда 102 кызматына окуя боюнча маалымат түштү. Окуя болгон жерге тергөө-оперативдик топ барганда маалымат тастыкталды. Тергөө учурунда 1957-жылы туулган К.Б. аттуу мугалим 2010-жылы туулган окуучу М.К. боюнча чара көрүүнү суранганып арыз жазган. Ал эми окуучу медициналык жардам алуу үчүн бир медициналык мекемеге кайрылды.

Соттук-медициналык экспертиза дайындалып, ден соолукка келтирилген зыяндын деңгээли аныкталат. Анын жыйынтыгына ылайык акыркы юридикалык баа берилет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан