"Татыктууларына берсек". Медер Алиев сыйлыктарды, чиндерди иреттөө керектигин айтты

Депутат Медер Алиев сыйлыктарды, чиндерди иретке келтирүүгө убакыт келди деген пикирде.

Ал бүгүн, 19-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында сыйлыктар орунсуз, татыктуу эмес адамдарга берилип калып жатканын белгиледи.

"Качантан бери "тырмакчадагы" аксакал, көксакал, академик, ар кандайлар... Чынында татыктуу эместер бала-чакасына чейин эмдигиче атайын ооруканаларда артыкчылык менен жүрүшөт? Менимче, болушунча кыскартыш керек. Бул биздин Жогорку Кеңешке да тиешелүү. Өзүбүздө Ардак грамота берип жатканда, татыктууларына берсек",- деди эл өкүлү.

Медер Алиев сыйлыктарды, чиндерди иреттөө керектигин айтты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан