Бишкек шаарындагы Мустафа Кемал Ататүрк атындагы сейил бактын аймагында Малдыбаев көчөсү, 159 дарегинде бош жер тилкесине мыйзамсыз курулуп жаткан капиталдык объект буздурулду. Бул тууралуу 19-февралда шаар мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, маселе мекемелер аралык жумушчу комиссия тарабынан каралып, аталган аймакта курулуш иштерин жүргүзүүгө уруксат берүүчү тиешелүү документтердин жоктугу аныкталган.
Колдонуудагы мыйзамдардын талаптары бузулгандыгына байланыштуу ыйгарым укуктуу кызматтар тарабынан объектти бузуу иштери жүргүзүлдү. Жер тилкеси баштапкы абалына келтирилди.