Илим министрлигинин маалыматына ылайык, өлкөдө жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо 17-февралдан 2-апрелге чейин жүргүзүлөт. Каттоо үчүн керектүү документтер топтому, каттоо акысы, ЖРТга бул жылы кошулган жаңы өзгөрүүлөр тууралуу сөз кылабыз.
ЖРТга каттоодон өтүү үчүн керектелүүчү документтер:
Каттоо акысы:
Маанилүү: Предметтик тест негизги тесттен өзүнчө бааланат. Негизги тестти тапшырбастан, предметтик тестти тапшырууга болбойт.
Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынара Батракеева "буга чейинки 3 жылда мамлекеттик тил боюнча тесттин баасы пилоттук негизде 200 сом болгон. Эми ал дагы 470 сом болот",- деди.
Каттоо кайда жүргүзүлөт?
Быйыл мектеп бүтүрүүчүлөрү Э-күндөлүк аркылуу каттоодон өтө алышат. Мурдагы жылкы бүтүрүүчүлөр болсо Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун атайын электрондук платформасынан өтсө болот.
"Эски режимди дагы калтырдык. Айрым абитуриенттер платформага кире албай, кээ бирлеринин колунда документтердин толук топтому болбой калса, алар райондук билим берүү башкармалыгына же мектептеги мугалимге кайрылса, алар жардам беришет",- деди Батракеева.
Негизги тесттин түзүлүшү:
Тест күнү паспорттун туп нускасы керек
ЖРТга паспорттун түп нускасы керек. Ал эми "Түндүк" тиркемеси аркылуу кирүүгө болбойт. Анткени тестирлөө учурунда телефон колдонууга тыюу салынган.
Маалымат үчүн: Кыргызстанда 2026-2028-жылдары ЖРТны Билим берүүдөгү баалоо жана окутуунун ыкмаларын баалоо борбору өткөрөт.