Биз социалдык тармакта

Бишкекте алдамчылык фактысына шектүү кармалды

Бишкек шаарында алдамчылык фактысына шектүү кармалды. Бул тууралуу 19-февралда Ленин райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, М. аттуу жаран Куйков көчөсүндө Б. аттуу жаранга 8 баш койду 134 миң сомго саткан. Сатып алуучу жабырлануучунун ишенимине кирип, эки сааттын ичинде толук сумманы которууга убада берген. Бирок 60 миң сом гана которуп, калган сумманы төлөбөй, качып кеткен. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголду.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1985-жылы туулган К.Б. аттуу шектүү адам кармалган. Жыйынтыгында Ленин райондук соту тарабынан 2 айга камакка алуу чарасы тандалган. Учурда тергөө иштери улантылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан