Биз социалдык тармакта

Ош мэринин үчүнчү орун басары кызматтан кетти

Ош шаарынын мэринин орун басары Сонунбек Жунусбаев кызматтан кетти. Бул тууралуу 19-февралда мэриянын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал өз арызы менен ээлеген кызматынан бошотулду. Жунусбаев бул кызматка 2021-жылдын 6-сентябрында келген.

Белгилей кетсек, буга чейин Ош шаарынын мэринин эки орун басары кызматынан бошотулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан