Шумкарбек Пайзиев Ош шаарынын мэринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу 19-февралда мэриянын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.
Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка мэр Жанарбек Акаев кол койду.
Белгилей кетсек, буга чейин бир күндүн ичинде Ош шаарынын мэринин үч орун басары кызматынан бошотулган.