Биз социалдык тармакта

Архитектура-курулуш контролдоо башкармалыктарында жаңы жетекчилер дайындалды

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин түзүмүндөгү бир катар башкармалыктарда кадрдык өзгөрүүлөр болду.
Курулуш министрлигинен билдиришкендей, тиешелүү буйруктарга министр Нурдан Орунтаев кол койгон.
Атап айтканда:
• Баткен регионалдык мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгынын башчысы болуп Ибрахим Сайтмуратов дайындалды;
• Ош регионалдык мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгын Ысмайыл Эсеналиев жетектемей болду;
• Ош шаарынын мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгынын башчылыгына Азизбек Сейдалиев бекитилди.
Министрдин биринчи орун басары Самат Жантелиев жаңы дайындалган жетекчилерди эмгек жамааттарына тааныштырып, кызматтык ишмердүүлүгүнө ийгилик каалады. Ошондой эле курулуш тармагындагы мыйзамдуулукту камсыз кылуу жана курулуш иштеринин сапатына көзөмөлдү күчөтүү боюнча милдеттер коюлду.
Кадрдык дайындоолор 19-февралдан тартып расмий түрдө күчүнө кирди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан