
Бишкекте 34 жаштагы жаран ишенип берилген мүлктү коротууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, өткөн жылдын сентябрь айында милицияга кайрылган жаран шектүү ага калаанын Радищев көчөсүндө жайгашкан курулуш объектинде иш баштоону сунуштап, ишенимине кирген жана андан 50 миң доллар алган. Бирок убадасын аткарбай, алган акчаны коротуп, изин жашырып кеткен.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) менен кылмыш иши козголгон. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда шектүүнүн башка кылмыш фактыларына тишеси бар-жогу текшерилүүдө.