Нью-Йорктун биринчи мусулман мэри Зохран Мамдани Рамазан айында орозо кармап жатканын билдирди. Бул тууралуу ал журналисттердин "Рамазан айында Нью-Йорктун элине эмнелерди каалайсыз?" деген суроосуна жооп берип жатып айткан.
Анда ал Рамазан айы эң сүйүктүү айы экенин, бул ай ойлонуунун мезгили экенин белгилеп өткөн.
"Рамазан менин эң сүйүктүү айым. Бул адилеттүүлүктүн, ойлонуунун мезгили. Бул айдын максаты таңдан кечке чейин тамак ичпей коюу эмес, бул бир күндө кылган иштериңе баа берүү",- деген ал.