Бишкек шаарынын тургуну С.Гүласан арыз менен милицияга кайрылган. Ал арызында 2014-жылдын 12-январында болжол менен саат 00:30дар чамасында Малдыбаев көчөсүндөгү соода күркөсүнө азиат улутундагы, болжол менен 22-25 чамасындагы 2 жигит кирип, муунтуп, кассадан 5 000 сомун алып кетишкендигин жазган.
Жүргүзүлгөн "Беспризорник" рейдинин учурунда Ленин райондук милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарчасынын тургуну Т.Нурсеит кармалып, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. Учурда тергөө иштери башталды. Бул тууралуу бүгүн, 22-январда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.