Эртең, 21-февралда республиканын көпчүлүк аймактарында жамгыр, ал эми бийик тоолуу аймактарда кар жаайт. Бул тууралуу синоптиктер кабарлашат.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы төмөндөгүдөй болот:
- Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +3... +8, күндүз +6... +11;
- Талас жергесинде түнкүсүн +1... +6, күндүз +5... +10;
- Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +5... +10, күндүз +8... +13;
- Нарын аймагында түнкүсүн -2... -7, күндүз 0.. +5;
- Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3... +2, күндүз +3... +8;
- Бишкек шаарында түнкүсүн +5... +7, күндүз +8... +10 градус.