Биз социалдык тармакта

Түндүк-Түштүк унаа жолунда жаңы транспорттук көзөмөл пункту ачылат

Жумгалдагы "Арал" транспорттук көзөмөл пунктунун түндүк тарабында жаңы транспорттук көзөмөл пунктун куруу чечими кабыл алынды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирет.
Ага ылайык, транспорт министри Талантбек Солтобаев Түндүк-Түштүк унаажолунда жаңы транспорттук көзөмөл пунктун ачууну тездетүүнү тапшырган.
Ал пункттун ачылышы жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууга, жүк ташуучу унаалардын белгиленген салмактык жана габариттик ченемдерди сактоосун көзөмөлдөөгө, ошондой эле автомобиль жолдорунун эрте бузулушунун алдын алууга багытталган.
Ошондой эле республика боюнча иштеп жаткан транспорттук көзөмөл пункттарында көп жылдардан бери жүргүзүлбөй келген капиталдык оңдоо иштерин этап-этабы менен ишке ашыруу каралууда.
Белгилей кетсек, жогоруда аталган курулуш жана оңдоо иштери президенттин "Турукташтыруу" фондунун каражаттарынын эсебинен каржыланат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан