Бишкекте 21 жана 30 жаштагы жарандар унаа айдап качууга шектелип кармалышты. Бул тууралуу Свердлов райондук милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, унаанын ээси 14-январда милицияга кайрылган. Ал 11-январда калаанын Алматы көчөсүндө жайгашкан унаа оңдоочу жайлардын биринен ак түстөгү Kia K5 үлгүсүндөгү унаасын белгисиз адамдар айдап качып кетишкенин айткан.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 211-беренеси (Автомототранспорт каражаттарын айдап качуу) менен кылмыш иши козголгон. Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга камакка алынышкан. Унаа табылып, ээсине кайтарылып берилген.