2025-жылдын 1-ноябрынан 2026-жылдын 20-февралына чейин 192 миң 14 жаран Түндүк мобилдик тиркемеси аркылуу кредит алууга өзүнө-өзү тыюу салуу кызматын иштетти. Бул тууралуу 20-февралда Улуттук банктын басма сөз кызматы билдирет.
Кызматты тиркеме аркылуу онлайн түрдө тез жана акысыз иштетүүгө болот. Зарыл болгон учурда жарандар тыюуну кайра алып салуу мүмкүнчүлүгүнө да ээ.