Жакында жүргүзүлгөн социалдык сурамжылоонун жыйынтыгына ылайык, президент Садыр Жапаровдун ишмердүүлүгүнө респонденттердин 81 пайызы оң баа берген. Ал эми 14 пайызы анын ишине терс пикир билдирген. Бул тууралуу Номад ТВ телеканалына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, Жапаровдун президенттик мөөнөт ичиндеги колдоо көрсөткүчү 67 пайыздык пунктка өскөн.
Мунун фонунда башка саясий лидерлердин көрсөткүчтөрү төмөн экени айтылды. Тактап айтканда, мурдагы УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев 25 пайыз оң баага ээ болсо, 55 пайызы анын ишмердүүлүгүн терс баалаган. Анын популярдуулук рейтинги 30 пунктка төмөндөгөнү белгиленет.
Социологдор сурамжылоого өлкө боюнча 1200 жашы жеткен жаранды телефон жана онлайн форматта катыштырган.