Биз социалдык тармакта

Бишкекте аэропортко бара жаткан жолдо үрөй учурган жол кырсыгы катталды (видео)

Бишкектен "Манас" эл аралык аэропортуна бара жаткан унаа үрөй учурган жол кырсыгына кабылды. Анда айдоочу ругла ээ боло албай, жолдун четиндеги тосмо темирди сүзүп, ал темир унаанын ичине кирип багаждан чыгып калган.

Күбөлөрдүн айтымында, унаадагы жүргүнчүлөр чет өлкөлүк жарандар, айдоочу кыргыз болгон. Видеодон айлананы коюу туман каптаганын көрүүгө болот.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы айдоочу 29 жаштагы жаран экенин билдирип, жүргүнчүлөрдүн бири ооруканага жеткирилип, калган үчөөнө жеринде жардам берилгенин кабарлады. Тергөө иштери уланууда.

Бишкекте аэропортко бара жаткан жолдо үрөй учурган жол кырсыгы катталды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан