Бишкекте "Орто-Сай" базарынын жанындагы тротуардан унаа башкарып бара жаткан аялдын видеосу социалдык тармактарга тарады.
Анда айдоочу жол менен эмес, жөө адамдарга сигнал берип, базардын оозуна чейин айдап барып, андан кийин бурулганын көрүүгө болот. Ага жол эрежесин бузуп жатканын айткан адамдарга ал ачууланып жооп берген.
Автоунаага автомектептердеги унааларга коюлуучу атайын белгилер коюлганын көрүүгө болот.