Биз социалдык тармакта

Бишкекте 260 миң долларга алдап кеткен шектүү кармалды

Бишкек шаарынын Октябрь РИИБинин кызматкерлери тарабынан алдамчылыкка шектүү кармалды. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Маалым болгондой, милицияга У.Л. аттуу жаран арыз менен кайрылды. Анда С.Н. аттуу жаран 2025-жылдын февраль айынан июнь айына чейин андан жалпы саны 10 даана электр унаасын алып кетип, акчасын кайтарбай жатканын белгилеген. Жалпы келтирилген чыгым 260 миң долларды түзгөн.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине (Алдамчылык) ылайык кылмыш иши козголду. Натыйжада шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө иштери уланууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан