Бүгүн, 22-февралда күндүз Ала-Арча жаратылыш паркындагы жаңы асма жолу убактылуу иштебей калды. Күбөлөрдүн айтымында, кабиналар болжол менен 30 мүнөттөй жылбай калган.
Окуя болгон жерде кызматкерлер техникалык мүчүлүштүктү жоюу иштерин жүргүзүштү.
Ала-Арча жаратылыш паркынын администрациясы билдиргендей, асма жолдун токтотулушу шамалдын күчөшүнө байланыштуу болгон. Коопсуздукту камсыз кылуу максатында адистер жөнгө салуу иштерин жүргүзүштү.
Эскерте кетсек, асма жол президент Садыр Жапаровдун катышуусунда 18-февралда колдонууга берилген.