
Өлкө аймагында соңку суткада, 22-февралда 9 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 10 күжүрмөн эсеп тартылды.
ӨКМ бул күнү Бишкек шаарында 1, Ош шаарында 1, Жалал-Абадда 3, Баткен облусунда 1, Ысык-Көлдө 1, Чүй облусунда 2 өрт кырсыгы катталганын билдирди.
Министрлик жарандарды өрт коопсуздугун так сактоого чакырат.