Өлкө аймагында бир жума ичинде 30 миңге чукул жол эрежеси бузулду. Бул тууралуу 23-февралда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Берилген маалыматка ылайык, 16-февралдан 22-февралга чейин 29 миң 894 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. Алардын ичинен:
- Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу - 3170;
- Мас абалында авто транспорт каражатын башкаруу - 207;
- Автоунаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу - 155;
- Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар - 1202;
- Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу - 4326;
- Авто ээнбаштык - 25;
- Белгиленген ылдамдыктан ашуу - 3602;
- Жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу - 5;
- Башка жол эрежелерин бузуу фактылары - 13 686;
- Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн - 3516 авто унаа убактылуу токтотуучу айып аянтчасына токтотулган.
Мекеме айдоочуларды жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.