Биз социалдык тармакта

Бишкекте алдамчылыкка шектелип мурда издөөдө жүргөн жаран кармалды

Бишкек шаарында алдамчылыкка шектелип мурда издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу 23-февралда Свердлов РИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, милицияга 2021-жылдын 2-апрелинде М.К. аттуу жаран чала тааныш Э. аттуу жаранга карата арызы менен кайрылган. Анда 2020-жылдын 10-ноябрынан 2021-жылдын 15-январына чейинки аралыкта аталган жаран арыз ээсинин уулунун Орусиянын Москва шаарында камакка алынган маселесин чечип берем деген шылтоо менен 1 миллион 50 миң рубль өлчөмүндөгү акча каражатын алып, изин жашырган.
Аталган факт боюнча 2017-жылдын 2-февралында Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон. 2021-жылдын 14-ноябрында шектүүгө издөө жарыяланган.
Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 2026-жылдын 20-февралында 1985-жылы туулган И.Э. аттуу жаран камакка алынды. Азыркы учурда тергөө иштери улантылууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан