Биз социалдык тармакта

Өкмөт башчы Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 116 атайын техника тапшырды

Бүгүн, 23-февралда Бишкектин Турдакун Усубалиев атындагы аянтында министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 116 атайын техникаларды тапшыруу аземине катышты.

Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, акыркы 5 жылда министрлик 652 даана автотранспорт жана атайын техника менен камсыздалып, ага 7 миллирад сом бөлүнгөн.

Иш-чарада Касымалиев Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өздүк курамына өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана алардын кесепеттерин жоюу боюнча күнүмдүк, жан аябас кызматы үчүн ыраазычылык билдирип, бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакубатчылык жана жаңы кесиптик ийгиликтерди каалаган.

Салтанаттын алкагында өзгөчө кырдаалдар министри Урматбек Шамыркановго атайын техникалардын ачкычтары тапшырылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан