Тоң районунда "Арсенал" ыкчам алдын алуу иш-чарасынын алкагында М.А. аттуу жаран мыйзамсыз сактап жүргөн ок атуучу куралын тапшырды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясы кабарлады.
Маалыматка ылайык, аталган жаран курал жарактарын ыктыярдуу түрдө укук коргоо органдарынын кызматкерлерине өткөрүп берген.
"Мыйзамсыз курал-жарактарды өз ыктыяры менен өткөрүп берүү жарандык жоопкерчиликтен бошотууга негиз болот. Коомдук коопсуздукту камсыздоодо жарандардын активдүүлүгү маанилүү",- деп билдирген милиция.