Бишкектин Ак-Жар, Ак-Бата, Келечек конуштарында 26-февралда саат 09:00дөн 20:00гө чейин ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу калаа мэриясы эскертти.
Суу берүү “Ак-Жар” жана “Ак-Бата” суу топтомолорундагы оңдоо иштерине байланыштуу токтотулат.
"Бишкексууканал" мекемеси ишканалардан жана тургундардан ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.