Биз социалдык тармакта

Бишкекте каракчылыкка шектелген жаран кармалды

Бишкек шаарында каракчылыкка шектелип 32 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу 23-февралда Ленин райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, 21-февралда болжол менен саат 13:20 чамасында Кашка-Баш айылында жайгашкан дүкөнгө белгисиз киши кирип, сатуучу болуп иштеген 2008-жылы туулган жашы жете элек кызды курч буюм менен коркуткан. Натыйжада кассадан 350 сом акча каражатын, ошондой эле Redmi 12 үлгүсүндөгү телефонду уурдап, изин жашырган. Бул факт боюнча Кылмыш жаза кодексинин 207-беренесине (Каракчылык) ылайык кылмыш иши козголгон.

Учурда тергөө иш-чаралары улантылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан