
Жол эрежесин одоно бузган коомдук транспорттун айдоочусу аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, 22-февралда коомдук транспорттун айдоочусу автобусту карама-каршы тилкеге чыгып айдаганы аныкталган.
Бул факт боюнча айдоочуга карата укук бузуу жөнүндө протокол түзүлүп, түшүндүрүү жана алдын алуу иштери жүргүзүлгөнү маалым болду.