Ош шаарына караштуу “Пекин” ресторанынын жанындагы суу кудугунун ичинен киши колдуу болуп өлтүрүлгөн адамдын сөөгү табылды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Экспертизалык иликтөөлөрдөн кийин 1 ай жаткан маркум Майлуу-Суу шаарчасынын тургуну экени такталды. Бул иш боюнча Кылмыш кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү деп кармалган Ноокат районунун 18 жашар тургуну жана 56 жаштагы Алай районунун жашоочусу кылмышты өз моюндарына алышкан.