Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Мексикадагы ызы-чуу жана башаламандыкка байланыштуу жарандарга эскертүү берди.
ТИМдин басма сөз кызматы маалымдагандай, Мексикада турган кыргызстандыктарга массалык топтолуштардан алыс болуу жана жергиликтүү бийликтин көрсөтмөлөрүн аткаруу сунушталат.
Суроолор пайда болгондо Кыргызстандын элчиликтерине кайрылууга болот:
• Элчиликтин электрондук дареги: kgconsulate.washington@mfa.gov.kg
Эскерте кетсек, Мексикадагы бир катар штаттарда башаламандыктар башталган. Билдирүүлөргө караганда, каза болгондордун саны кеминде 18 адам.