Тышкы иштер министрлиги Мексиканын бир катар аймактарында баш аламандыктар орун алганына байланыштуу Кыргызстандын жарандарын кырдаал турукташканга чейин аталган аймактарга баруудан карманууга чакырат.
Маалыматка ылайык, Мексиканын аймагында жүргөн жарандарга коопсуздуктун күчөтүлгөн чараларын сактоо, адамдар көп чогулган жайлардан алыс болуу жана жергиликтүү бийлик органдарынын көрсөтмөлөрүн так аткаруу сунушталат.
Эске салсак, 22-февралда өлкөнүн ири наркокартелдеринин бири — Жаңы Халиско муунунун лидери Немесио Осегера Сервантес (кеңири белгилүү аты Эль Менчо) өлтүрүлгөндөн кийин Мексиканын беш штатында баш аламандык башталган.