Кечээ, 22-январда Орусияда старт алган “Киров-миллион” Эл аралык мелдешинде кыргызстандык бильярдчылар алгачкы жеңиштерине жетишишти. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты билдирет.
Маалыматка ылайык, кыргызстандык кий чебери Камолиддин Есиддинов алгачкы беттешин орусиялык Александр Семеновго каршы өткөрүп, 4:1 эсебинде жеңип алды. Анын кийинки атаандашы Григорий Перминов болмокчу. Дагы бир кыргызстандык бильярдчы Антон Нетесов орусиялык Евгений Филипповдун үстүнөн жеңишке жетишти (4:2). Эми анын атаандашы украиналык Евгений Новосад болмокчу.