
2026-жылдын 1-январына карата өлкө боюнча катталган унаалардын жалпы саны 1 миллион 909 миң 961ди түздү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.
Катталган унаалардын түрлөрү төмөнкүдөй:
- 972 миң 252 – бензин менен жүргөн унаалар (51пайыз)
- 57 миң 310 – газ менен жүргөн унаалар (3 пайыз)
- 339 миң 938 – дизель майы менен жүргөн унаалар (18 пайыз)
- 56 миң 997 – газ-бензин аралаш (3 пайыз)
- 37 миң 295 – гибрид унаалар (2 пайыз)
- Калганы – башка түрлөрү.
Министрлик 2025-жылдын жыйынтыгы менен өлкө боюнча 15 миң 278 электромобиль катталганын кошумчалады.