Эртең, 25-февралда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында кар жаайт. Ал эми Баткен облусунун аймагында, Бишкек жана Ош шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт.
Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, абанын температурасы төмөндөгүдөй болот:
- Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -4... +1, күндүз +3... +8;
- Талас жергесинде түнкүсүн -3... +2, күндүз +5... +10;
- Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +2... +7, күндүз +14... +19;
- Нарын аймагында түнкүсүн -2... -7, күндүз +2.. +3;
- Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2... +3, күндүз +4... +9;
- Бишкек шаарында түнкүсүн +5... +7, күндүз +8... +10 градус.