Биз социалдык тармакта

Армения парламентинин төрагасы Марлен Маматалиевди куттуктады

Армения Республикасынын Улуттук Жыйынынын төрагасы Ален Симонян Марлен Маматалиевди Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланышы менен куттуктады. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өзүнүн телеграммасында ал эки өлкө ортосунда салттуу достукка жана өз ара кызыкчылыкка негизделген кызматташтык калыптанганын белгилеп, мындай деп жазган:

"Сиздин кесипкөйлүгүңүз жана саясий тажрыйбаңыз Армения Республикасы менен Кыргыз Республикасынын мыйзам чыгаруу органдарынын байланышын мындан ары да бекемдөөгө чоң өбөлгө түзөт деген ишеничтемин", - деп жазылган телеграммада.

Ошону менен катар Ален Симонян төрага Марлен Маматалиевге чың ден соолук жана жооптуу мамлекеттик ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалап, Кыргызстан элине тынчтык жана өнүгүү тиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан